КР БШК: шайлоо участкаларынын 85%ы пандустар менен жабдылган

28 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы майыптыгы бар жарандардын активдүү шайлоо укуктары салыштырмалуу ишке ашырылгандыгын маалымдайт.

Бүгүнкү күндө 2 080 шайлоо участкасында пандустар орнотулган, бул жалпы УШКлардын санынын 85%ын түзөт. 2020-жылдагы маалыматтарга салыштырмалуу, пандустар менен жабдылган участоктордун саны 1 054 жайга көбөйгөн.   

Бардык шайлоо участоктору жардам берүүчү атайын каражаттар – чоӊойтуучу лупалар, добуш берүү үчүн трафареттер, Брайл ариби менен басылган добуш берүү нускамалары менен жабдылган. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Боршайком тарабынан майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыгынын картасы түзүлгөн. Майыптыгы бар шайлоочулардын жалпы саны - 15 853 адамды түздү.

Аларды маалымдоо үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 5 000 плакат, ошондой эле Брайл арибин колдонуу менен 5 000 маалымдоочу брошюралар бастырылып чыгарылды.

КР БШК CALL-борборунда угуусунда жана кебинде кемчилиги бар майып шайлоочулар үчүн «ысык байланыш» видеобайланышы ачылган, анын жардамы менен алар жаӊсоо тилинде маалымат ала алышат. Бүгүнкү күндө видеобайланыш менен 24 шайлоочу колдонду.   

КР мыйзамдарына ылайык, үгүттөө материалдарынын 1%дан кем эмеси атайын форматта даярдалышы керек. 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыз беришкен майыптыгы бар шайлоочулар 2021-жылдын 27-ноябрында үйлөрүндө добуш бере алышты.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү