Шайлоо дайындалгандан тартып КР БШКнын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 50 арыз түштү
28 ноября 2021
2021-жылдын 28-ноябрына саат 08:25ке карата шайлоо дайындалгандан тартып Кыргыз Респубикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жаша шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобуна 50 арыз түштү.
1. Арыздардын/кайрылуулардын категориялары:
1. Шайлоочуларды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу – 1;
2. Административдик ресурсту кыянат пайдалануу тууралуу – 7;
3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу тууралуу – 30;
4. Шайлоо өнөктүгүн (фондун) каржылоо тартибин бузуу тууралуу – 1;
5. Талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу – 5;
6. Саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуу ыктымалдыгы тууралуу – 2;
7. Талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнмө – 1;
8. Талапкер тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу жөнүндө – 2;
9. Ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо тууралуу – 1.
2. Региондор:
1. Бишкек – 29
2. Ош – 1
3. Ош облусу – 9
4. Жалал-Абад облусу - 2
5. Ысык-Көл облусу– 4
6. Талас облусу – 5.
БШК/ОШК көргөн чаралар:
1. Төмөнкүлөргө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди:
• Д. Бегалиевге – №25 Аламүдүн округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;
• Д. Бекешевге – №28 Октябрь округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;
· Кыргыз Респубикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясыны (КТРК);
• Д. Джумабековго – №20 Манас округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер.
2. Төмөнкүлөргө 105 0000 сом суммасында 14 айып пул салынды:
· жаран И.Л. Торакуловго – 7 500 сом өлчөмүндө;
· А.А. Эгембердиевге – «Ата-Журт Кыргызстан» с/п КР ЖК депутаттыгына талапкер 7 500 сом өлчөмүндө;
· жаран Б. Омурзаковага – 7 500 сом өлчөмүндө;
· А.Т.Түмөнбаевге – №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөткөн талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө;
· А.Р. Ташиевге - №22 Ленин шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө;
· А.Н. Шыкмаматовго - «Ынтымак» с/п КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө;
· Б. Бегалиевге - №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө;
· Д.А. Джумабековго - №20 Манас шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 30 000 сом өлчөмүндө (ар бири 7500 сом өлчөмүндө 4 жолу);
· М.Р. Назарбековго - №20 Манас шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 15 000 сом өлчөмүндө (ар бири 7500 сом өлчөмүндө 2 жолу).
· А.Д. Таштанбековго - №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө.
3. Төмөнкүгө карата тиешелүү органдарга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды:
· «Акыркы жанылыктардын»Youtube-каналына карата КР БжКнын 45-беренесинде каралган администрациялык жоопкерчиликке
тартуу үчүн ээлерин аныктоо максатында материалдарды ыйгарым укуктуу ички иштер органдарына жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды;
4. Төмөнкүгө оозеки эскертүү берилди:
· Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн «Super kg» интернет порталына оозеки эскертүү берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
