Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө
27 ноября 2021
Бүгүн – 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
- добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
- жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
- вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 396 (2494/1311 УШК) арыз берилди. Анын ичинде:
· ден соолугунун абалы боюнча – 5815,
· улгайгандыгы боюнча – 5118,
· ДМЧА – 607,
· кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр – 278,
· вахталык ыкма менен иштегендер – 755,
· аскер кызматчылары 192,
· алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар – 103,
· интернат үйлөрдө жашагандар – 214,
· алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар – 40,
· карылар үйлөрүндө жашагандар – 132,
· ооруканаларда жүргөндөр – 142.
Облустар боюнча:
· Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 856 арыз берилди;
· Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШК 4114 арыз берилди;
· Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2700 арыз берилди);
· Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 480 арыз берилди;
· Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди;
· Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1963 арыз берилди;
· Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1076 арыз берилди;
· Ысык-Көл облусу боюнча – 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 (2435/1311 УИК) арыз берилди. Анын ичинде:
· ден соолугунун абалы боюнча - 5816,
· улгайгандыгы боюнча - 5117,
· ДМЧА - 607,
· кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр - 67,
· вахталык ыкма менен иштегендер - 604,
· аскер кызматчылары - 130,
· алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар - 40,
· интернат үйлөрдө жашагандар – 214,
· алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар - 102;
· карылар үйлөрүндө жашагандар 88.
Облустар боюнча:
· Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 836 арыз берилди;
· Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШКга 4034 арыз берилди;
· Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2571 арыз берилди;
· Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 329 арыз берилди;
· Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди;
· Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1784 арыз берилди;
· Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1024;
· Ысык-Көл облусу боюнча 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн төмөнкүдөй арыздар берилди:
Токтогул АШК - 53 шайлоочу,
Чаткал АШК - 0 шайлоочу,
Аксы АШК – 58 шайлоочу.






























