Коопсуздук Кеңешинин жыйналышында добуш берүүгө даярдык талкууланды
26 ноября 2021
26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналышы болуп өттү. Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда кыргызстандыктарды алардын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чакырды.
“Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров.
Анын айтымында, шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү Кыргыз Республикасында кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн орун алганынын көрсөткүчү болот. “Бийлик органдары шайлоо элдин чыныгы эркин чагылдырышы үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Биз шайлоону, бардык талапкерлер, саясий күчтөр, көз карандысыз байкоочулар жана дүйнөлүк коомчулук жана биринчи кезекте биздин шайлоочулар тарабынан таанылгыдай өткөрүүгө милдеттүүбүз.
„2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыкта мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалын депутаттыкка талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына пайдаланууга түздөн-түз тыюу салган ченемдер камтылган. Аны менен бирге шайлоо мыйзамдарын бузган кызмат адамдарын ээлеген кызматынан кечиктирбестен бошотуу тууралуу тапшырма коюлган.
Ошентип, мамлекет талапкерлердин чыныгы турмуштук жана амбициялуу саясий программаларына таянуу менен коомдогу биримдикти бекемдей алат, экономиканы андан ары өнүктүрүп, жарандардын жыргалчылыгын жогорулата алат. Бардык талапкерлердин жана саясий бирикмелердин эл алдындагы өз жоопкерчилигин түшүнүүсү жана өлкөдө
коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн бардыгын жасоосу абдан маанилүү экенин мен баса белгилеп кетем”, - деп айтты С.Жапаров.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси А. Жапаров өз сөзүндө жапырт каттого, ошондой эле шайлоо процессинин убагында медиктер, мугалимдер жана бюджеттик уюмдардын башка кызматкерлери тартылган маселелерге токтолду.
КР БШК төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова добуш берүү күнүнө карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодо шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү максатында шайлоо комиссиясында 36 округдук шайлоо комиссиясында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча кайрылууларды Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо процессинин башка катышуучулары боюнча – аймакка караштуулугуна жараша – округдук шайлоо комиссиялары карайт.
Өткөрүлгөн жыйналыштардын жыйынтыгы боюнча бардык ЫЧКТларга мыйзам бузууларга ыкчам (үч күндүк мөөнөттө) чара көрүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен иштерди тыгыз координациялоо боюнча тапшырмалар берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы ички иштер, прокуратура органдарынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 600дөн ашык өкүлүн шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, конституциялык-укуктук жоопкерчилик, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл боюнча окутту.
Бардык облустарда жана Бишкек шаарында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө
шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйналыштары өткөрүлдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана акыйкаттыгын арттыруу максатында добуш берүү күнүнө даярдык көрүү алкагында шайлоо процессинин 50 миңден ашык ар түрдүү катышуучусун окутууну уюштурду. Аралаш шайлоо тутуму боюнча шайлоо өнөктүгү уюштурулду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү



