Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыгынын ишенимдүүлүгү кантип камсыздалаарын көрсөтүштү
25 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө добуш берүүнүн тазалыгын жана добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоочу технологияларды көрсөтүштү.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргызстанда шайлоо тутумун реформалоонун натыйжасында шайлоочулардын тизмесин түзүүдө ачык-айкындуулукка, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн ачык-айрымдуулугуна жана эркиндигине, добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүнө жетише алдык деп билдирди.
Ишенимдүүлүк улуттук шайлоо тутумун реформалоодо маанилүү жетишкендик болуп эсептелет. Дүйнө жүзүндө бардык эле өлкөлөрдө ишенимдүүлүктүн мындай деӊгээлине жетише элек. Ондогон жылдар бою өлкөбүздө добуш берүүнүн жыйынтыгын жалганга чыгарып келишкен, «Бир шайлоочу – бир добуш» принциби камсыздалган эмес.
Добуш берүүгө жеткиликтүүлүк маселесин чечүүдө көз карандылыкты камсыздоонун алкагында шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча ыйгарым укуктар МККдан БШКга өткөрүлүп берилди. Добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу үчүн «Тизме» порталы (https://tizme.gov.kg/) ай сайын актуалдаштырылып турат. Ыӊгайлуулук үчүн жарандардын шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө узартылды. Ал эми республикадан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларынын саны 44 кө көбөйтүлдү. Консулдук каттоого алууда шайлоо укуктарынын артыкчылыктары киргизилген.
Жолугушуунун катышуучуларына шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыздоонун бүткүл алгоритми тууралуу айтып беришти. Алсак, добуш берүү күнү табы текшерилип, колду санитайзер менен чайкап, коргоочу беткапты алгандан кийин, ар бир шайлоочу манжанын изин же беттин геометриясы боюнча сканерлөө аркылуу идентификациядан өтөт. Добуш берүүчү жайда шайлоочуну идентификациялоо идентификациялоочу тутум ишке киргизилгенде фамилиясы кийрилген УШК мүчөсү менен биргеликте идентификациялоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында КР БШК добуш берүү күнүнө карата 7 160 идентификациялоочу операторду окутту.
Идентификациянын жүрүшүндө оператор УШК мүчөсү менен биргеликте жарандарга идентификациялоонун жол-жоболорун түшүндүрөт. Идентификациялоочу оператор жаран паспортун көргөзгөн учурда милдеттүү түрдө паспорттогу сүрөт менен шайлоочуну салыштырып, визуалдык текшерүүдөн өткөрөт. Дал келген учурда идентификациялоочу оператор шайлоочунун паспортунун MRZ-аймагын сканерлөө камерасынын жардамы менен сканерлейт, андан соӊ аталган шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын электрондук тизмесинен шайлоочуну автоматтык түрдө издөө башталат. Дал келбеген учурда – идентификациялоочу оператор паспортту шайлоочуга кайтарып берет, шайлоочуну идентификациялоого жол берилбейт.
Паспорту боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда биометрикалык маалыматтары – колдун манжасынын издери боюнча идентификация жүргүзүлөт. Манжанын издерин сканерлөөгө жасалган аракет – 10 (он).
Манжанын изи боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда ноутбуктун мониторуна жана обзордук мониторго: идентификациядан өткөн шайлоочунун тизмесиндеги шайлоочунун сүрөтү, катар номуру жана аты-жөнү, аталган участокто идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы саны чыгат, идентификациядан кийин шайлоочу үчүн шайлоочулардын тизмесиндеги номуру көрсөтүлгөн чек чыгарылып берилет.
Чекте төмөнкүлөр: чектин катар номуру, УШКнын номуру, шайлоочуну идентификациялоо датасы жана убактысы, шайлоочунун жекече идентификациялык номуру (ПИН), шайлоочунун аты-жөнү, шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун катар номуру көрсөтүлөт.
Манжанын изи боюнча идентификациядан өтпөй калган учурда, шайлоочу камераны колдонуу менен бети боюнча идентификациядан өтөт. Бул учурда шайлоочунун бети тийиштүү шайлоо участкасынын биометрикалык маалыматтар базасындагы сүрөтү менен салыштырылат. Бети боюнча идентификциялоо аракетинин саны – 1 (бир). Бети боюнча идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда – шайлоочу идентификациядан өткөндүгү тууралуу чек автоматтык түрдө чыгарылат.
Шайлоочуну идентификациялоо процесси чек чыгарылгандан кийин бүттү деп эсептелет. Жаран манжасынын изи же бети боюнча идентификациядан өтүп, бирок чек чыгарылбай калса, идентификациялоо процесси аяктады деп эсептелбейт жана идентификациялоо жол-жобосу кайрадан жасалат.
Кезектеги шайлоодо шайлоочу идентификациялоо тууралуу 2 чек алат, аларды бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн эки бюллетенге алмаштырат. УШК мүчөсү шайлоочуну кагаз түрүндөгү тизмеде каттоого алат, шайлоочу кагаз түрүндөгү тизмеде өзүнүн маалыматтары жазылган тушка колун коет.
Идентификациялоо тууралуу чектин ордуна шайлоочу– саясий партия жана алардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүдө ак, ал эми бир мандаттуу округ боюнча талапкер үчүн – көгүш тилкеси бар ак шайлоо бюллетендерин алат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде чүчү кулак менен аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлгөн. Ар бир шайлоо округунда аталган округда катталган гана талапкерлер көрсөтүлгөн. Талапкерлердин тизмесинин аягында «Баарына каршы» деп жазылган сап жайгаштырылган, анын оӊ жагында бош чарчы бар. Ача белги тандоо жасалган талапкердин тушундагы чарчыга же «Баарына каршы» деген чарчыга коюлушу керек.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетени эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө партиянын аталыштары чүчү кулак менен аныкталган тартипте жайгаштырылган. Ар бир саясий партиянын оӊ жагында бош чарчы жайгаштырылган. Тизменин аягында «Баарына каршы» деп жазылган сап жайгаштырылган, анын оӊ жагында бош чарчы бар.
Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө тышкы сол жак тарабында номерленген 54 бош чарчы жайгаштырылган. Бош чарчынын номуру саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталган талапкердин катар номуруна дал келет.
Добуш берүү аяктагандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыгынын алдын ала маалыматтары автоматтык түрдө ширфленип, корголгон байланыш каналдары боюнча АЭУдан БШКнын борбордук серверине берилет жана Маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында дароо жарыяланат (https://newess.shailoo.gov.kg/).
Маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) төмөнкүлөрдөн турат:
- модеми бар автоматтык эсептөөчү урнадан (АЭУ) – ар бир УШКга 2 АЭУ, ошондой эле АШКларда резервден - 20%,
- маалыматтарды берүү боюнча байланыштын корголгон каналдарынан;
- байланыштын негизги жана резервдик каналдарына ээ сервердик жана тармактык жабдуулардан;
- АЭУлардан маалыматтарды чогултуу боюнча программалык камсыздоодон;
- МШТ сайтынан – newess.shailoo.gov.kg.
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (кол менен) эсептөөнүн алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардыгына жарыяланат. Мөөр басылган автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, мөөр басылган биринчи жана жыйынтыктоочу идентификациялоо боюнча отчеттор добуш берүүчү жайдагы саясий партиялардын бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документтери менен кошо алат жана андагы маалыматтарды кошуу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөндүгүн текшергенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу аркылуу бир мандаттуу округ боюнча жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү






























