Талас шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат берилди
22 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду.
Катышуучуларга байкоочулардын статусу, укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу айтылды. 27-ноябрда өтө турган добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү. Шайлоо башталаардын алдында УШКнын төрагасы карап чыгуу үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө үкөктөрдү көрсөтүүгө тийиш, алар УШКнын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, участкада болгондордун колу коюлган жана УШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүглөн А4 форматындагы барак менен мөөрлөнүп бекитилет (пломбаланат).
Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын салат, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- шайлоо участогунун номуру;
- көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы;
- участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары.
Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет.
Маанилүү!!! Чек басылып чыгарылган учурда гана идентификация аякталды деп эсептелет! Шайлоочунун идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек жок болгон учурда, добуш берүү үчүн бюллетень берилбейт, шайлоочуга добуш берүүгѳ жол берилбейт. УШКнын мүчөсү шайлоочуларды идентификациялоону жүргүзгөн оператор менен бирдикте, эгерде жаран паспортун көрсөтпөсө, жаранга идентификациялоо жол-жобосунда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигинен улам же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алганда өз алдынча кол кое албаса же шайлоо бюллетендерин толтура албаса, башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу, бирок алар төмөнкүлөр болбошу керек:
- шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- талапкер;
- талапкердин, саясий партиянын өкүлү;
- байкоочу.
Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
Катышуучуларга ошондой эле шайлоо күнү шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык нормалар кандай сакталаары, добуш берүү башталганга чейин, добуш берүүдө жана добуштарды эсептөөдө шайлоо участкаларынын иши кандай уюштурулаары түшүндүрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү





