БШК "Ордо" саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды
19 ноября 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 19-ноябрдагы жыйынында "Ордо" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Айбек Турдалиевди чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим Айбек Турдалиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесин көрсөткөн "Ордо" саясий партиясынын катталган тизмесинен чыгаруу боюнча жеке арызын жана "КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
