Ош шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга укуктарын жана жоопкерчиликтерин түшүндүрдү

18 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Ош шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду.

Катышуучуларга байкоочу катары каттоонун тартиби тууралуу маалымат берилди. Төмөнкүлөр байкоочуларды дайындоонун субъекттери болуп санала тургандыгы түшүндүрүлдү: бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер; бирдиктүү шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар. Активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.

Ошол эле учурда, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат.

Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.

Байкоочулардын укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу айтылды. Ошентип, байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

  • шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
  • шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
  • шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
  • добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
  • шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
  • шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
  • шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
  • тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

Тренингде добуш берүү күнүнүн этаптары, анын ичинде шайлоо участкаларын ачууга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участкаларын жабуу жана добуштарды саноо боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.

Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилери айтылды:

► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет;

► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчүкулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт.

 Ошондой эле добуштарды эсептөөнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү