Каракол шаарында партиялардан жана кандидаттардан келген байкоочуларга шайлоо участогунан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү

17 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Каракол шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду.

Тренингде добуш берүүгө даярдык көрүүдө, добуш берүүнүн жүрүшүндө жана добуштарды эсептөөдө байкоочулардын укуктары жана милдеттери тууралуу айтылды. 27-ноябрда добуш берүүчү жайдан тышкары ким добуш бере ала тургандыгы айтылды, тагыраак айтканда:

  • ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар;
  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет

  • добуш берүү күнү аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлерде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, эгерде алар убактылуу турган жеринин жайгашкан жери боюнча кире турган шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса;
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 2021-жылы 27-ноябрда саат 8:00дон 20:00го чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Добуштарды эсептөөгө байланыштуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча округдук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округу жана бирдиктүү округу боюнча УШКлардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны, алардын негизинде бир мандаттуу округу боюнча жана бирдиктүү округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдору түзүлөт, бир мандаттуу округу жана бирдиктүү округу боюнча УШК протоколдорунун жалпы маалыматтары киргизилген жыйынды таблицаларды түзөөрү белгиленди.

Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кирүү үчүн партия жалпысынан республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушуна ээ болушу керек, ошондой эле ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,5% аймактык босогосунан ашыш керек.

Белгиленген босогодон өткөн партиялардын талапкерлеринин тизмесинде мандаттарды бөлүштүрүү ар бир талапкер алган добуштардын санына жараша жүргүзүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү