Жалал-Абад шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга окутуу өткөрүлдү
17 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Жалал-Абад шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду.
Байкоочуларга талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын укуктары жана милдеттери, алардын статусу жана каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Шайлоочулардын тизмеси кандай түзүлгөндүгү тууралуу сөз болду. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине төмөнкүлөр кирет: шайлоо күнү активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары; биометрикалык каттоодон өткөн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине төмөнкүлөр кирет:
- шайлоо күнү активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- биометрикалык каттоодон өткөндөр;
- жергиликтүү коомчулуктун мүлөлөрү. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат.
Добуш берүү күнү добуш берүүчү кабиналарда төмөндөгүлөр боло тургандыгы белгиленди:
- чүчүкулак аркылуу аныкталган кезекте бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдарды;
- ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен ар бир партия боюнча талапкерлердин тизмелери;
- талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар «ТАЛАПКЕР» порталында жана шайлоо участкаларындагы плакаттарда илинет.
Талапкер саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен маалыматтык материалдардын формасы жана тексти бекитилгенден кийин чыккан учурда, талапкер жөнүндө маалыматтар маалыматтык материалдардан толук чийилет, анын ичинде талапкерлердин тизмесиндеги катар номери дагы.
Добуш берүүдөн кийин УШКлардын шайлоочулардын тизмелери менен иши деталдуу каралып чыкты. Шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу УШК мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир барагына тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү. Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт.
Маанилүү!!! Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган тариздеги протоколго киргизилет. Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат.
Жыйынтыктырады чыгаруу тууралуу округдук шайлоо комисииясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары шайлоо документтери менен бирге УШКдан кабыл алат жана тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы бир мандаттуу жана бирдиктүү округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү





