БШК «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
16 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Шут Александр Сергеевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө А. Шутту өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
