КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

15 ноября 2021

КР БШК 2021-жылдын 15-ноябрындагы жыйналышында Нарын шаардык, Баткен жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Токторалиев Алтынбек Ысмановичтин (№2, “Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Жаманов Иличбек Кадыркуловичке (№7, “Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Гапанов Алтынбек Абдипаттаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кадыров Нургазы Азамбаевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Кунтуу айылдык кеңешинин депутаты Мамырбаева Алия Андашбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдаева Кулсия Апасовнага өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү