БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү
15 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-ноябрда өткөн жыйналышында №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Акылбеков Элнур Акылбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Э.А. Акылбековдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
