КР БШК талапкерлердин жана партиялардын байкоочуларын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоо – 2021. Талапкерлердин, саясий партиялардын байкоочуларынын шайлоого мониторинг жасоо процесси» темасы боюнча тренингге чакырат
12 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын 7 облусунда талапкерлердин жана партиялардын байкоочулары үчүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоо – 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан байкоочулардын шайлоого мониторинг жасоо процесси» темасы боюнча бир катар окутуучу тренингдерди өткөрмөкчү.
Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары төмөнкү суроолор боюнча маалымат алышат:
- Талапкердин жана саясий партиянын байкоочусунун статусу. Каттоого алуу тартиби. Байкоочулардын укуктары жана милдеттери;
- Шайлоо комиссияларынын тутуму. Шайлоочулардын тизмеси;
- Жайдын сыртында добуш берүү;
- Добуш берүү күнү: шайлоо участогун ачуу процедурасы, КР ЖК депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө добуш берүүнүн жүрүшү;
- Шайлоо участогунун жабылышы. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө;
- Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу. КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо;
- БШК маалымат ресурстары. Коммуникация каналдары.
Тренингдерди өткөрүү графиги:
|
№ |
Датасы |
Убактысы |
Шаары |
Өткөрүлүүчү жайы |
|
1. |
13.11.2021 |
10.00-15.30 |
Бишкек ш. |
«Парк Отель» мейманканасы |
|
2. |
14.11.2021 |
10.00-15.30 |
Бишкек ш. |
«Парк Отель» мейманканасы |
|
3. |
15.11.2021 |
10.00-15.30 |
Нарын ш. |
«Хан-Тенгри» мейманканасы |
|
4. |
15.11.2021 |
10.00-15.30 |
Баткен ш. |
«Алтын Бешик» мейманканасы |
|
5. |
17.11.2021 |
10.00-15.30 |
Каракол ш. |
Каракол шаарынын мэриясы |
|
6. |
17.11.2021 |
10.00-15.30 |
Жалал-Абад ш. |
«Көк-Арт» мейманканасы |
|
7. |
18.11.2021 |
10.00-15.30 |
Ош ш. |
«Ош Нуру» мейманканасы |
|
8. |
19.11.2021 |
10.00-15.30 |
Ош ш. |
«Ош Нуру» мейманканасы |
|
9. |
20.11.2021 |
10.00-15.30 |
Талас ш. |
Талас шаарынын мэриясы |
Катышуу боюнча суроолор менен төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууӊуздарды өтүнөбүз: 0312 90 14 60; 0555 931 351; 0312 62 62 87
