“T-media” телеканалынын командасы Ошто болуп өткөн “Quiz Night” интеллектуалдык оюнунда жеӊип чыкты
12 ноября 2021
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана КРдеги Шайлоо системаларынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан, USAID колдоосу менен уюштурулган “Quiz Night” интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан катышуучуларды шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев куттуктады.
Кеченин алып баруучусу Эркин Рыскулбеков болду.
Катышуучулар – медиа жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, блоггерлер жана Ош шаарындагы коомдук пикирди түзгөн башка лидерлер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жаӊы конституциялык мыйзамын, жаӊы аралаш шайлоо тутумун, шайлоочулардын тизмесин түзүүнү, шайлоонун тарыхын билгендиги боюнча ат салышты.
Кыргызстандагы шайлоолорго үгүттөө эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын кароо эрежелери жана процедуралары, шайлоонун жүрүшүндө жана добуш берүү күнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилик укуктары боюнча суроолор сунушталды. Оюн журналисттерден жана блогерлерден эрудицияны жана ошондой эле логиканы да талап кылды.
Оюнга төмөнкү командалар катышты:
1. «АКИпресс-Ош»,
2. «Ынтымак»,
3. «Жалын»,
4. «Академиктер»,
5. «Пресс служба»,
6. «TMG»,
7. «ЭлТР»,
8. «Ош Пирим».
Биринчи орунду алдыга озуп чыккан жана оюндун аягына чейин лидерликти бербей келген «TMG» (телеканал T-media) ээледи, анын курамы төмөнкүлөрдөн турду:
1) Бакай Калматов
2) Наргиза Анарбай кызы
3) Айдай Беделбек кызы
4) Жылдыз Орозматова
5) Айжамал Түгөлбай кызы
Экинчи орун – «Пресс кызматы» командасында:
1) Медербек Ниязалиев
2) Нурсултан Абдимиталип уулу
3) Аймөөр Даниярова
4) Равшан Каримов
5) Алмаш Закирова
Үчүнчү орунга үч команда ат салышты, кошумча жооптордун жыйынтыгы менен сыйлыкка «АКИпресс-Ош» командасы ээ болду:
- Акматова Адашгүл
- Абибиллаева Арафат
- Шамшиев Сыймык
- Абылкасымова Гүлназа
- Нуркамил уулу Бексултан
Жеӊүүчүлөргө наушниктер, колонкалар, ноутбуктар үчүн муздатуучу койгучтар берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү














