БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү

10 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 10-ноябрда өткөн жыйналышында №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Жаныбеков Боконбай Жаныбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Б.Ж. Жаныбековдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү