Францияда шайлоо фондуна акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок - Европарламент депутаты
08 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова Европа парламентинин депутаттары – Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголия менен достук тобунун төрагасы Фульвио Мартушелло жана ушул топтун мүчөсү Тьерри Мариани менен жолугушту.
Н. Шайлдабекова Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу маалымат берип, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясатты турукташтыруунун аяктоочу этабы болуп саналат
деп белгиледи.
Парламентти шайлоо тартибин караган учурда КР БШК тарабынан шайлоонун демократиялык стандарттарын сактоого багытталган, анын ичинде шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө тийиштүү чаралар сунушталды.
Шайлоонун аралаш тутумунун милдети – өлкөнү өнүктүрүүнүн ушул этабында маанилүү болуп саналган парламенттин өкүлчүлүктүү ролун күчөтүү. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 36 депутатты шайлоо парламентте региондордун өкүлчүлүгүн камсыздоо, партиялык тизме боюнча 54 депутатты шайлоо саясий, социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыздоо
милдетин аткарат. Мында партиялар депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүчү субъект болот жана аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктын жана майыптыгы бар адамдардын өкүлчүлүгүн камсыздоого тийиш. Партия добуш берүүнүн натыйжасында 27 мандаттан ашпаган мандат алышы мүмкүн.
2014-жылдан бери жүргүзүлүп келаткан реформа процессинде, Кыргызстанда эки технологияны – шайлоочуларды биометрикалык иденттөөнү жана кол менен саноодогу контролдун алдын ала каражаты катары добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү киргизүүнүн аркасында шайлоочулардын добуштарын эсептөөнүн абсолюттуу аныктыгына жетишилди. Шайлоочулардын добуштарын эсепке алуунун жана добуштарды эсептөөнүн аныктыгы жарандык контролдун бир катар
каражаттары менен жөнгө салынат. Ушул бөлүгүндө реформа алдыга койгон максатына жетти.
Үстүбүздөгү жылдагы шайлоо өнөктүктөрүн даярдоо жана өткөрүү процессинде КР БШК шайлоонун ачыктыгын жана акыйкаттыгын арттыруу боюнча төмөнкү чараларды көрдү: шайлоонун айкындуулугунун жана аныктыгынын жетишилген деңгээлин сактап калды, сатып алууну жана административдик ресурсту колдонуунун проблемасын чечти, бузууларды
кароодо укук коргоо органдары тараптан тандалма мамилени четтетти.
Реформа процессинде КР БШК эл аралык өнөктөштөр тараптан олуттуу колдоо алды. Анын ичинде «Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо» программасы боюнча 2015-2019-жылдарга каржы Келишими дагы бар. Аны ишке ашыруу мезгилинде айкындуулук, инклюзивдүүлүк, жарандарды шайлоочуларды биометрикалык иденттөөгө байланыштуу кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар аткарылды. Маселен, шайлоочулардын тизмеси дээрлик 1 млн шайлоочуга көбөйтүлдү.
Европа парламентинин депутаттарын Борбордук шайлоо комиссиясын мүчөлөрүн дайындоо, арыздарды даттануу тартиби, шайлоо процессин каржылоо, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана пайдалануу маселелери кызыктырды.
Европа парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму, атап айтканда, 2021-жылдын 28-ноябрындагы КР ЖК депутаттарын шайлоо Европа өлкөлөрүндө алигиче колдонула элек ачык-айкындык боюнча бир катар чараларды камтыгандыгына таңгалгандыктарын билдиришти.
“Силер Франциядан өтүп кетиптирсиңер, Францияда парламенттин депутаттыгына талапкердин шайлоо күрөөсүнө акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок”, - деди Европа парламентинин депутаты Тьерри Мариани.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
