БШК Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
07 ноября 2021
Кымбаттуу курч калем ээлери, ардактуу журналисттер!
Борбордук шайлоо комиссиясы бардыгын келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Мезгил жаңырып, коом алдыга жылган сайын журналисттердин кызматы эл үчүн мурдагыдан да баалуу жана жоопкерчиликтүү боло баштады. Себеби коомчулуктун акты карадан, чынды жалгандан ажырата билүүсүндө журналисттердин эмгеги абдан зор.
Бир аз артка кайрылсак, өлкөбүздөгү ар кандай башаламандыктар болгондо журналисттер гана өз вазийпасын так аткарып, элибизге так, туура маалымат жеткирүү менен өлкөбүзгө, элибизге ак кызмат өтөп келишкенин билебиз.
Ал эми акыркы кездерде журналисттик иликтөөлөр коррупциялык иштердин бетин ачууга негиз болуп, анын арты менен мамлекеттин казынасына миллиарддаган пайда кирип жатканы да факт.
28-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу аралаш система менен КР Жогорку Кеңешине шайлоо өткөнү турат. Мамлекетибиз, элибиз үчүн абдан маанилүү болгон ушул шайлоону да ар тараптуу, туура чагылдырып бересиздер деген үмүт чоң. Себеби, туура, так маалымат гана шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө, элибиз өз убагында, туура кабардар болушуна өбөлгө болот.
Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, бекем ден соолук жана элибиз үчүн талыкпай кызмат кыла беришиңерди каалайбыз!

