ЕККУ ДИАУБ миссиясына шайлоо бюллетендерин толтуруу жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо боюнча чаралар тууралуу айтып берди

05 ноября 2021

2021-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекованын ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын Башчысы Даме Одри Френсис Гловер менен жолугушуусу болуп өттү.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова миссия мүчөлөрүнө алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин өткөн этаптары жана шайлоонун ачык-айкындуулугун, адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн Боршайком тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу маалымат берди. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда добуштарды эсептөөдө ишенимдүүлүктү камсыздоочу технологиялар киргизилген. Натыйжада, саясий партиялардын өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына киргизип жиберүүгө жасаган аракеттери азайды, анткени, добуштардын ишенимдүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнүн башка да аспаптары бар.  

ЕККУ ДИАУБ Миссиясына добуш берүү жол-жобосу, шайлоо бюллетендери боюнча түшүндүрүүлөр берилди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетенге ылайык шайлоого катышкан бардык саясий партиялар чүчүкулак өткөрүлгөнүнө ылайык киргизилген. Ошол эле бюллетенде партиялык тизмедеги талапкерлердин санына жараша 54 чарчы жайгаштырылат.  Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү өзүнчө бюллетень боюнча жүргүзүлөт.   

Шайлоочуларга маалымат берүүнүн алкагында КР БШК сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бөлүмүндө талапкер же партиялар тууралуу бардык маалыматтар, программалар жайгаштырылган, шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы көрсөтүлгөн  (https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary). Ошондой эле талапкерлердин тизмеси менен гезиттин тиражы да пландаштырылган, добуш берүүчү ар бир кабинада бардык партиялар боюнча талапкерлердин тизмеси менен брошюралар болот. 

Шайлоонун эки тутумун ажыратуу үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетень көгүш тилкелүү, бир мандаттууда – бардыгы ак болот. Кыргызча жана орусча бюллетендердин пропорциясы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянуу менен ар бир облус үчүн айрым-айрым болот. БШК бюллетендерди шайлоочулардын санына жараша - 3 млн 686 миӊ плюс 0,1% пропорционалдык тутум боюнча жана бир мандаттуу шайлоо коругдары боюнча дал ушунча бастырып чыгарат. Бардыгы 7,2 млн бюллетен болот. 

Участкаларда жарандар каалоосу боюнча тигил же бул бюллетенди тандап алышат. Бул учурда партиянын аталыштары партиялардын өздөрү аркылуу жигердүү жарыяланып турат, муну менен алар өз аталыштарын эстеп калууда татаалдыкты жаратпайт.  

Бюллетендерди толтуруу боюнча баракчалар ыктыярчылар тарабынан көчөлөрдө таркатылат, плакаттар коомдук унааларда, аялдамаларда, эл топтолгон жерлерде жайгаштырылат.  Маалымат баракчаларында ошондой эле, парламенттин ыйгарым укуктары да түшүндүрүлөт, муну менен шайлоочу КР ЖКга бара жаткан талапкерлер кандай сапаттарга ээ болууга тийиш экендиги, парламент кантип шайлана тургандыгы жөнүндө маалыматка ээ болуусуна шарт түзүлөт. БШК шайлоо комиссиялары үчүн 10миӊ даана чоӊ плакаттарды даярдайт, ал эми кичинекей плакаттардын саны андан да көбүрөөк болот.   

КР БШК шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында моделдик добуш берүүнү уюштурат, бул шайлоочу шайлоо участогунда канча убакыт болоорун, кандай кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн экендигин аныктоого мүмкүндүк берет, муну менен добуш берүү күнүнө чейин пайда болуучу маселелерди чечүүгө шарт түзүлөт. Добуш берүү кантип жыйынтыктала тургандыгы жөнүндө өзүнчө даярдалган презентация, добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн көрсөтүүдө саясий партиялар үчүн уюштурулат. 

ЕККУ ДИАУБ Миссиясы Кыргызстандагы өз ишин 2021-жылдын 18-октябрынан тартып жүргүзө баштады.  

Маалымат иретинде:

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо Томас Бозеруп тарабынан жетектелген ДИАУБ негизги топтогу 13 мүчөдөн жана 18 узак мөөнөттөгү байкоочулардан турган. ЕККУга катышкан 20 мамлекеттен бардыгы болуп 39 байкоочу болгон. 

2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда ЕККУ ДИАУБ Миссиясынан жана ЕККУ ПАдан ЕККУга катышкан 26 мамлекеттен бардыгы болуп  91 байкоочу катышкан.   

Шайлоо өнөктүгү

Жалпы эл аралык байкоочулар

Уюмдар

Өлкөлөр

 

Президенттик шайлоо 15.10.2017

773

57

59

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 04.10.2020

277

35

43

 

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум 10.01.2021

333

35

44

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум 11.04.2021

183

36

31

2021-жылдын 3-ноябрына карата 28 мамлекеттен 109 эл аралык байкоочу аккредиттелген, алар төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү:

 

Шайлоо органдары:

- 8

 

Эл аралык уюмдар:

- 5

 

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:

- 4

ЕККУ ДИАУБ Миссиясы – 40 киши акредиттелген

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү