Аймактык медиа борборлор маанилүү дебат процессине киришүүдө – КР БШК төрагасы

05 ноября 2021

Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнүнө арналган жолугушуу болуп өттү. 

Жолугушууга БШК төрагасы Н.Шайлдабекова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгулов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, аймактык медиа борборлордун жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

БШК төрагасы Н. Шайлдабекова ЖМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

«Биздин кубаттуу потенциалды, атап айтканда, ушул тапта абдан маанилүү талкуу процессине киришип жаткан облустук медиа борборлорду колдоого жасаган аракеттерибиз эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоого алынгандыгын кубануу менен билдирмекчибиз. Кыргызстанда биринчи жолу аймактарда бир мандаттуу округдардын деӊгээлинде талкуу жүрүп жатат. Биздин өнөктөштөрүбүз жүргүзгөн сурамжылоолор боюнча, талкуулар бул шайлоодо күтүлүүчү эӊ маанилүү маалыматтык окуялардын бири болмокчу. 

Учурда биз жарандык билим берүү долбоорун жайылтып жатабыз, муну менен биз шайлоолор аралыгында жарандарыбыздын өз жарандык жоопкерчилигин түшүнүүсүн күчөтүүгө аракет кылып жатабыз» - деди ал.  

Маданият министринин орун басары Чынгыз Эсенгулов шайлоого даярдык көрүү тууралуу айтып, бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлер үчүн талкуулар менен катар эле, ЭЛТР телеканалында аял-талапкерлер жана жаштар ортосунда, ошондой эле партиянын лидерлери үчүн КТРКда теледебаттар уюштурула тургандыгын белгилеп кетти. 

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жабдууларды тапшыруу жана Кыргыз Республикасынын облустук телеканалдары менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Кыргызстандагы шайлоолорго колдоо көрсөтүү боюнча бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеӊешке шайлануучу бардык талапкерлердин катышуусу үчүн акысыз обо убактысын берүү үчүн БУУӨП программасынын алкагында 7 студиялык видеокамера алынды. 

КРда шайлоолорго колдоо көрсөтүү боюнча БУУӨП программасынын техникалык кеӊешчиси Риса Арай облустук телеканалдарга тапшырылган 7 видеокамера талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү теӊдештирүү боюнча жана шайлоочуларга негиздүү чечим кабыл алуусу үчүн маалыматтын жеткиликтүү болуусун кеӊейтүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын жана аймактык медиаборборлордун аракеттерине өбөлгө түзөөрүн белгилеп кетти. 

«Эӊ башкысы, бул камералар шайлоо цикли аяктагандан кийин деле жарандарды жана шайлоочуларды агартуу максатында колдонула берет, андыктан БУУӨП мындай узак мөөнөттөгү өнүгүүгө өз салымын кошуп жаткандыгына абдан кубанычтуу» - дейт Риса Арай.

Ошондой эле Улуттук демократиялык институт (NDI) тарабынан аймактык медиа борборлор үчүн төрттөн чубалгысыз түйүндүү микрофон сатылып алынды, талкууларды өткөрүү үчүн студиялар жабдылды.  

“Жыл өткөн сайын талкуулар маанилүү роль ойной баштады, алар жарандардын өз тандоосун жасоосуна олуттуу таасирин тийгизүүдө» - деди ал.

Талас медиа борборунун директору Эрмек Үмөтов Боршайкомго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

«Аймактардагы медиа борборлорго баары эле көӊүл бура бербейт, бирок алардын мааниси абдан жогору. Медиа борборлордун карамагында гезиттер, сайттар, ТВ, б.а. бүткүл аймактын маалыматтык тармагы жайгашкан» - деп белгилеп кетти ал. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү