Мамлекеттик органдарга жана ЖӨАБ органдарына добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн жана жабдылышын текшерүү тапшырылды
03 ноября 2021
2021-жылдын 3-ноябрында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйыны мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Штабдын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊешинин катчысы М.Иманкулов мамлекеттик органдардын жана органдардын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча, анын ичинде участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык жана байланыш, интернет-байланыш менен, суук мезгилде жылуулук менен камсыздоо, жайларды дезинфекциялоо жана уюштуруу мүнөзүнө ээ башка чараларды көрүүдө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Штабдын тең төрагасы – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы К. Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 29-октябрынан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандыгын айтты. Шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыздоонун алкагында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлерге, саясий партияларга жарандар менен жолугушууларды жана жыйындарды өткөрүүнү уюштуруусунда көмөк көрсөтүп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо тапшырылды.
Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын балансындагы жайлар талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, алардын ишенимдүү адамдарына, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоочулар менен жолугушуу үчүн бирдей шартта берилет.
Шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жайларды берүү тууралуу талапкерлерден, саясий партиялардан келип түшкөн арыз мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арыз келип түшкөн күнү каралат. Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн талапкерге, саясий партияга жай бөлүп берүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу себебин түшүндүрүүчү кат түрүндөгү чечимин берүүгө милдеттүү. Эгер көрсөтүлгөн жай массалык иш-чара өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген болсо, анда башка талапкерге, башка партияга берүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
КР БШК төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алар дайындалгандан кийин 10 күн аралыгында ар бир шайлоо участкаларында атайын үгүт материалдарын жайгаштыруучу жерди бөлүп берип, анын жабдылышын камсыздоого милдеттүү экендигин эскертти. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы үгүттөөчү материалдарды жайгаштыруучу жайлардын тизмесин алууга укуктуу.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын эркин билдирүүсү жана шайлоонун ачык-айкындуулугу үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук жана саясий маданиятын көтөрүү жана аларды маалымдоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы да айтылды. Шайлоо белгиленген күндөн тартып жаӊы шайлоо тутуму, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык-түшүндүрүү материалдары ар кыл форматта – ЖМК, Интернет-басылмалары, социалдык тармактар, КТБдагы LED-экрандар аркылуу берилип, коомдук транспортто, плакаттарда, баннерлерде ж.б. жайгаштырылат.
Маалыматтык өнөктүктүн маанилүү учуру катары шайлоо процессинин бардык катышуучуларын – шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, прокуратура кызматкерлерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана блогерлерди, банк кызматкерлерин, соттук корпусту, байкоочуларды окутуу эсептелет. Добуш берүү күнүнө карата БШК шайлоо процессине түздөн-түз тиешеси бар, шайлоого даярдык көрүүгө жана уюштурууга катышкан 50 миӊден ашуун адамды окутмакчы. Учурда идентификациялоочу жана автоматтык эсептөө урналарынын операторлорун, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жүрүп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо комиссияларын окутуу үчүн шарттарды түзүп берүү тапшырылды.
Республикалык штабдын тең төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоо комиссияларына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн жана жабдылышын, анын ичинде жылуулуктун, байланыштын, алардын альтернативалуу булактарын, майыптыгы бар шайлоочулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн болуусун текшерүү тапшырылды.
Ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябры саат 18:00гө чейин шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча сунуштарын киргизүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
