БШК «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

03 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-ноябрында өткөн жыйналышында «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы көрсөткөн Батыркулов Улан Умаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Батыркулов Улан Умаровичтин талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 2-ноябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү