БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Исмаилов Нурбек Сапарбековичке өткөрүп берди
03 ноября 2021
КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Исмаилов Нурбек Сапарбековичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Исмаилов Нурбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
