БШК КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти
02 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти
Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
