КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
02 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Өзгөн, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты Абдурахманов Куванычбек Нуралиевичтин (№1) («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кудайбергенов Айтибай Жээнбековичке (7) берилди – убактылуу иштебейт.
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеӊешинин депутаты Абдурахманов Кобилжон Балтабаевичтин (№7) («КЭДП» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат «КЭДП» саясий партиясынан Абдуллаев Хакимжон Ибадиллаевичке (10) берилди – жеке ишкер.
Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеӊешинин депутаты Байзаков Абдижалил Бекмаматовичтин ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат Шерматов Анарбай Ташиевичке берилди – убактылуу иштебейт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
