КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди

01 ноября 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу берди.

28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Т. Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкер Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтоторун эске салат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген.

Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды, ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү