№12 Өзгөн шайлоо округу: Бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулактын жыйынтыктары
30 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин орундарын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык позициялар төмөнкүдөй аныкталды:
- Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич
- Жумакадыр уулу Манасмиң
- Карашев Аалы Азимович
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

