БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 3 арыз түштү
29 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 29-октябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерден арыздарды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Атап айтканда, төмөнкүлөр арыз беришти:
- Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү