БШК Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
29 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 29-октябрдагы жыйналышында Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенов Сулайман Усенович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аманбаев Темиркул Сабырович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү С.У.Усеновдун шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
