Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн шайлоочуларга, жарандардын коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

27 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2021-жылдын28-ноябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №755 токтомунун негизинде №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – №29 Свердлов ОШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары
жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкерлерди түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүү жөнүндө жарыялайт: № 9059 – Россия Федерациясы, Москва ш., Большая Ордынка көчөсү, 64;
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн
жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протокол жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. №29 Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет: чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу
боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынынченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
паспорттун көчүрмөсү; иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, мобилдик, электрондук почта). Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча поротоколдор 2021-жылдын 5-ноябрына саат 18.00 чейин №29 Свердлов
ОШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.

Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондору боюнча: +996-550-963-669 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com

Свердлов округдук шайлоо комиссиясы