БШК Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 жана №8014 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
26 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-октябрындагы жыйналышында Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 жана №8014 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү:
- Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 шайлоо участогунун дареги Кулунду айылы, К. Ниязматов 14 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн эски имаратынан Кулунду айылы, Ленин 56 көчөсү дареги боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн жаңы имаратына;
- Баткен облусунун Лейлек районунун №8014 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков айылы, Ленин (номуру жок) көчөсүндөгү Спорт комплексинин эски имаратынан И. Раззаков айылы, Ленин 44 көчөсү дареги боюнча И.Раззаков атындагы орто мектептин жаңы имаратына.
Лейлек округдук шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
