КР БШК төрагасы Өзбекстанда болуп өткөн шайлоодогу инклюзивдүүлүктү белгиледи
25 октября 2021
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 24-октябрында болуп өткөн Өзбекстан Республикасынын президентин шайлоодо КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларынын миссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча брифингде сөз сүйлөдү.
Анын айтымында, Өзбекстанда демократиялык шайлоо процессинин негиздерин тынымсыз өнүктүрүү, шайлоо укуктарын жана шайлоо процессин жакшыртуунун үстүндө иш жүрүп жатат.
“Бирдиктүү электрондук шайлоо тизмесин түзүү – бул өзбектердин шайлоо процессинин жетишкендиги. Ал шайлоочулардын тизмесин так берүүгө жана ошону менен бирге эле кош добуш берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коет, бул, албетте, шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана шайлоочуларды каттоонун тууралыгын камсыздоодо алдыга жасалган арбын арышы. Бул – демократиялык шайлоолордун маанилүү критерийи болуп эсептелет», - деди ал.
КР БШК төрагасы шайлоонун жүрүшүндө майыптыгы бар адамдардын добуш берүүгө катышуусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн, участкалар тийиштүү ыӊгайлар менен жабдылгандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын компетенциялары, шайлоо процессинин жалпы электоралдык маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттер жөнүндө, анын ичинде шайлоо тууралуу маалымат алууну жана түшүндүрүүнү жакшыртуу боюнча да иш-чаралар тууралуу да айтылды.
“Добуш берүүдө катышуу тартиби, талапкерлер, шайлоого катышуучулар тууралуу активдүү маалымдоо жарандардын тандоосун ишке ашырууда көмөк көрсөттү. Бул демократиялык шайлоолордун маанилүү стандарттарын жакшыртуу үчүн кызмат кылмакчы. Шайлоо талаш-тартыштарын кароонун соттук тартиптеги жаӊы формаларын киргизүү – шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн жана шайлоонун айкындуулугун өнүктүрүүдө маанилүү кадам”, - деп Н.Шайлдабекова шайлоонун айкындуулугунун жана добуш берүүнүн купуялыгынын сакталышынын жогорку деӊгээлин белгилеп кетти.
Өзбекстандагы шайлоодо кыргыз делегациясынан 43 өкүл катышты, алар Ташкентте жана Кыргызстандын райондору менен чектешкен башка шаарларында иш алып барышты. Кыргызстандан барган байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊеши миссияларынын алкагында ишин жүргүздү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү




