БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдорун жокко чыгарды
22 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдорун жокко чыгарды.
Атап айтканда, БШК төмөнкү токтомдорун жокко чыгарды:
- 05.10.2021-ж. №721 токтом;
- 09.10.2021-ж. №729 токтом;
- 13.10.2021-ж. № 734 токтом;
- 15.10.2021-ж. № 738 токтом;
- 15.10.2021-ж. № 739 токтом;
- 17.10.2021-ж. № 742 токтом;
- 19.10.2021-ж. № 753 токтом;
- 20.10.2021-ж. №754 токтом.
Токтомдор Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы Мыйзамы 2021-жылы 22-октябрда күчүнө киргендигине байланыштуу жокко чыгарды.
Аталган Мыйзамдын 47, 53-беренелерине ылайык райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын аким дайындайт. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин Президент дайындайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
