БШК Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
22 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрдагы жыйналышында Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дубанаева Гулмира Качкынбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширбекова Гүлзар жана Мүзүретбек кызы Акылай комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кошокбаева Наргиза Кудайбердиевна жана Зыядбек уулуБактыяр резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.С. Джунушалиеванын каза болгондугуна байланыштуу, Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
