КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
22 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-октябрындагы жыйналышында Жалал-Абад, Токтогул, Талас жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты Ташиев Тай-Мурас Камчыбековичтин (№1) («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турдукулов Канатбек Турусбековичке (№28) берилди («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) – жеке ишкер.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык кеӊешинин депутаты Сартов Алмаз Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тоялиев Нурэлес Нурисовичке өткөрүп берилди - жеке ишкер.
Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык кеӊешинин депутаты Борубаев Азат Абаскановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Көчөркулов Байырбек Илиясовичке берилди - М. Туйтунов атын. ОМ мугалими.
Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеӊешинин депутаты Сулайманова Назыра Бейшеновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алыбаева Бурулбүү Сапановнага берилди – пенсионер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
