БШК КР БШК токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди
22 октября 2021
Бүгүн, 2021-жылдын 22-октябрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын «2021-жылы 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 чечимине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
|
№ |
№ УШК |
Чет өлкөдөгү мекемелер |
Дареги |
Электрондук почтасы |
|
59. |
9059 |
Россия Федерациясындагы КР Элчилиги |
Москва ш., Большая Ордынка көч. 64 |
kgembassy.ru@mfa.gov.kg |
Аталган өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 2-, 13-беренелерине, №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын чечимине жана 2021-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Жобосуна ылайык киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
