Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 335 талапкер документтердин толук топтомун берди (жаңыланууда)

20 октября 2021

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү документтерди берүү аяктады.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктаган 2021-жылдын 13-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына 381 арыз берилди: арыз бергендердин 349у – эркектер жана 32си – аялдар. 335 талапкер документтердин толук топтомун берди, 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Бүгүнкүгө карата 330 талапкер катталды.

Облустар боюнча көрсөтүлгөн жана катталган талапкерлер