Ош шаарында саясий партияларга жана талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелери түшүндүрүлдү

19 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы окутуучу тренинг уюштурду.

Шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу катышуучуларга КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова  маалымат берди. Шайлоо аралаш тутум боюнча өткөндүктөн, үгүт иштерине саясий партиялар да, жеке талапкерлер да катышат.

Катышуучуларга шайлоо мыйзамынын жаңы чендери, анын ичинде коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде үгүт иштеринин өткөрүлүшү, үгүт материалдардын таратылышы мүмкүн эмес экендиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.

КР БШКнын мүчөсү А.Бекматов Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат. Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана: саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз деп тастыктады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү