Баткен шаарында талапкерлерге жана саясий партияларга алдыда күтүлүүчү шайлоодо үгүт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди
18 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен шаарында талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы окутуучу тренинг уюштурду.
Шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу катышуучуларга КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов маалымат берди.
Ошондой эле, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен колдонууга тыюу салынары айтылды. Бөлүп-жарууга, кастыкка чакыруучу улуттук, этникалык, расалык, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарга пропагандалоого; бийликти тартып алууга, конституциялык түзүлүштү жана мамлекеттик бүтүндүктү мажбурлап өзгөртүүгө, согушту пропагандалоого; жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыкка чыгаруу менен башка мамлекеттин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен көпчүлүк алдында иш-чараларды өткөрүүгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин чагылдырган фото-, видеоматериалдарды пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркидигин кыянаттык менен пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат.
Катышуучуларга шайлоо белгиленген учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, алсак: акча каражаттарын төлөп берүү; белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды берүү; товарларды жеӊилдетилген түрдө сатуу; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын символикасы камтылган үгүт басма сөз материалдарынан, футболкалардан, белгилерден, баш кийимдерден, шарфтардан, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүнөн тышкары башка бардык товарларды акысыз таратууга тыюу салынары айтылды.
Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган күндөн баштап, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук ишмердиги менен алектенүүгө укуксуз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
