Нарын шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө боюнча эрежелерге окутуу уюштурулду
18 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаарында талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы окутуучу тренинг уюштурду.
Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди.
Катышуучуларга талапкерлер жана саясий партиялар үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү, дебаттарга катышуу эрежелери, үгүт материалдарын жайгаштыруу, үгүт материалдарын жүргүзүү эрежелери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле үгүттөө иштеринин катышуучуларынын жоопкерчилиги тууралуу да айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону көзөмөлгө алат жана жол берилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия тарабынан аталган конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулса, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулары тууралуу кат түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер, саясий партия тарабынан бир нече жолу (эки же андан көп) аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери бузулган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчликке тартууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (актысы) менен тастыкталган, аталган берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери бузулган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
