БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 3 арыз келип түштү

17 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-октябрында өткөн жыйналышында №16 Ноокен шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Мавлянова Махабат Эргешовнанын,  №29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Исакулов Жылдызбек Абдилахатовичтин, №24 Сокулук шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Курманалиев Акыл Курманбековичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карап чыкты жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, алардын билдирмелерин эске алуу жөнүндө чечим кылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү