Округдук шайлоо комиссиялары алдында шайлоо участкаларын түзүү боюнча милдеттер коюлду

17 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында округдук шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеӊешме болуп өттү, мында парламенттик шайлоонун жүрүшүндө ОШК ыйгарым укуктары жана милдеттери онлайн талкууга алынды.  

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы аяктагандыгын, 2021-жылдын 18-октябрына чейин документтерди берүү этабы улана тургандыгын, андан соӊ 29-октябрга чейин КР БШК көрсөтүлгөн документтерди текшере тургандыгын билдирди. 

Демократиялык шайлоолордун негизги индикатору болуп жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктары канчалык деӊгээлде толук кандуу ишке ашырылгандыгы эсептелет. Аталган этаптарды камсыздоого ылайык шайлоо комиссиялары алдында белгилүү милдеттер турат. 

Учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо этабы али улантылууда. 2015-жылы шайлоодо биометрикалык каттоо биринчи жолу колдонулгандан тартып, республика боюнча шайлоочулардын тизмеси 1 млн адамга көбөйдү. Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган жарандардын саны бул учурда үчкө: 900дөн 300 миӊ адамга чейин кыскарды. Бул учурда ОШКлар алдында милдет турат – биометрикалык каттоодон өтпөгөн шайлоочулар тизмеси менен иш алып баруу. Парламенттик шайлоолорду уюштуруунун алкагында КТБ ишинин убактысын узартуу, компакттуу эл жашаган жайларга мобилдик топтордун чыгуусу каралган.   

Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо этабына байланыштуу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өз талапкерлигин 381 талапкер көрсөткөн. Алардын ичинде 51и катталган, калгандарынын документтери, анын ичинде «Түндүк» мекемелер аралык карым-катышуу аркылуу да текшерүү процессинде. 

Ошондой эле 23 саясий партия съезддерди өткөрүү жана талапкерлердин көрсөтүлгөн тизмеси тууралуу КР БШКга билдирүү жасады, учурда мыйзам тарабынан талап кылынуучу документтерди көрсөтүү, ошондой эле маалыматтарды «Электрондук талапкер» тутумуна киргизүү процесси жүрүп жатат. 

Талапкерлерди көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялар тууралуу бардык маалыматтар каттоого алынгандыгына жараша КР БШК сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле округдук шайлоо комиссияларынын аракеттеринин пландары талкууга алынды. ОШКлар бардык аймактарда жайгашкан Республикалык штабдардын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары алдында шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, унаа, жылуулук, материалдык-техникалык камсыздоо үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.   

КР БШК бардык округдук шайлоо комиссияларына ZOOMга чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет, бул комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле байкоочулар менен да онлайн жыйындарды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.   

Укук коргоо органдары жана прокуратура кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде ыкчам чара көрүүчү Координациялык топтун ишин уюштуруу, ЫЧККТ кызматкерлеринин туруктуу күзөтүн орнотуу тапшырылды. 

Президент партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында жана добуш сатып алууда административдик ресурсту укуксуз колдонуусуна каршы натыйжалуу чараларды колдонуу жана жол бербөөсүнө Республикалык штабга, бүткүл өкмөткө багыттама берди. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу муну жүзөгө ашырышыбыз керек. Бүгүнкү күндө шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулуусу аныкталган эмес. 

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучуларына – укук коргоочуларга, шайлоо комиссияларына, байкоочуларга, саясий партияларга жана талапкерлерге шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоого, таза жана эркин шайлоо өткөрүүгө жоопкерчиликти жогорулатуу предмети боюнча окутуу уюштурулду. Шайлоо комиссиялары ошондой эле, демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн жоопкерчиликтүү жана шайлоо процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн жооп беришет.   

Окутуунун алкагында биз таза шайлоо – бул шайлоо комиссияларынын эле эмес, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык органдардын да жоопкерчилиги экендигин айтмакчыбыз. ОШКлар уюштуруу иштерине жоопкерчиликтүү, таза шайлоолор шайлоонун ар бир катышуучудан көз каранды.   

Мамлекеттик органдар жана ЖӨАБ административдик ресурсту колдонууга жол бербеши керек, укук коргоо органдары тандоо принцибин жокко чыгарып, бардык бузууларга ыкчам чара көрүүгө тийиш. Саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочуларды сыйлаганды үйрөнүп, шайлоочулардын тандоосуна эркиндик берип, добуш сатып алуудан баш тартуулары керек. Мамлекеттин милдети, жалпысынан алганда – шайлоочулардын эркин билдирүүсү жана талапкерлер үчүн эркин атаандаштык үчүн шарттарды түзүү» - деп баса белгиледи КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова.

Кеӊешмеде БШК са йтында жеткиликтүү болгон даттануулардын жана кайрылуулардын электрондук реестри тууралуу да айтылды, ал ыкчам жаӊыланып турат жана бузууларга карата көрүлгөн чаралар менен таанышууга баарына мүмкүнчүлүк берет. ОШКны каржылоо, ошондой эле АЭУ менен иштөө, опреаторлорду окутуу маселелери талкууга алынды. ОШК үчүн аракеттердин планы, шайлоо участкаларынын жабдылышы, майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн шарттарды камсыздоо үчүн муктаждыктар картасы боюнча иштер каралды.   

ОШКларга шайлоочулар үчүн шайлоо тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу үчүн орундарды даярдоо, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тапшырылды.    

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү