7 саясий партия шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
15 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында өткөн жыйналышында «Ак-Шам», «Элдик партия», «Менин Мекеним», «Замандаш», «Акшумкар», «Айкөл Кыргызстан», «Кыргызстандын Баба Дыйкан (фермерлер)» саясий партияларынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирмелерин карап чыкты жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, алардын билдирмелерин эске алуу жөнүндө чечим кылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
