КР БШК Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

15 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында болуп өткөн жыйынында Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. 

Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрына белгиленди. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.  

Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган. 

Араван аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү