Саясий партияларга "Электрондук талапкер" программасына талапкерлердин маалыматын киргизүү тартиби түшүндүрүлдү
14 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялар үчүн (офлайн жана онлайн) семинар өткөрдү.
Талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана талапкерлерди бир мандаттуу округдарда каттоонун тартиби боюнча маалымат жана консультация алышты; мындан тышкары талапкерлердин маалыматтарын "электрондук талапкер" программасына киргизүү тартиби; шайлоо фондун түзүү тартиби жана шайлоо күрөөсүн төлөө; саясий партиялардын КР БШКга шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар жана алардын чыгымдалышы боюнча финансылык отчетторду бериши; талапкердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттарын кайтаруу тартиби боюнча маалымат алышты.
КР БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров катышуучуларга алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
«Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен мүмкүн болушунча ачык иштейт. Шайлоочулардын эркин билдирүүсүн жана талапкерлердин жана саясий партиялардын эркин атаандаштыгын камсыз кылуунун алкагында, КР БШК шайлоо процессинин ар кандай катышуучулары - укук коргоо органдары, массалык маалымат каражаттары, саясий партиялар, банк кызматкерлери үчүн бардык шайлоо субьекттеринин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрүп жатат», - деди ал.
Катышуучуларга документтерди тапшыруунун убактысы жана тартиби жөнүндө айтып беришти, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партия 54 талапкерден ашпаган сандагы талапкерлердин тизмесин көрсөтөрүн, мында бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыз болуп, ошол эле учурда саясий партиялар көрсөткөн аял - талапкерлердин жана эркектердин тизмесиндеги кезектеги айырма үч позициядан ашпоого тийиш; талапкерлердин кеминде 15 пайызы 35 жаштан улуу эмес, ал эми алардын ичинен кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин тизмесине кириши керек; ар кандай этникалык топторго таандык талапкерлер 15 пайыз болуп, алардын ичинен кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин тизмесине кириши керек; жок дегенде 2 талапкер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан болуп алардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине кириши керек.
Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылгандан кийин анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруу тартиби өзгөртүлбөйт. Эгерде талапкер талапкерлердин тизмесинен чыкса, анда чыккан талапкердин катар номери тизмеден башка талапкер менен алмаштырылбайт.
Семинарда талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан документтердин пакетин шайлоо комиссияларына электрондук форматта тапшыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан иштелип чыккан “Электрондук талапкер” системасына маалыматтарды кантип киргизүү керектиги кеңири түшүндүрүлдү. Ресурс шайлоочуларды талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалымат менен тааныштырат, ошондой эле шайлоонун финансылык ачыктыгын камсыз кылууга салым кошот.
Окутуунун чоң бөлүгү шайлоо фонддорун түзүүгө жана шайлоо учурундагы финансылык отчеттуулукка арналган. Мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жана жеке жактардын талапкеринин, саясий партиясынын шайлоо фонддоруна салым кошууларына тыюу салынгандыгы айтылды.
Эгерде жогоруда айтылгандай каражаттар талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшсө, соттун чечими менен банк мекемеси бул каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Социалдык фондго которот.
Шайлоо фонддоруна белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн каражаттар кириштелбейт, алар жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Эгерде акча которууну мындай кайрымдуулук кылууга укугу жок жаран же юридикалык жак жасаса (б.а. тыюу салынган болсо), анда ал кайрымдуулук кылган адамга толугу менен кайтарылып берилүүгө тийиш.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсүн жана сарптоонун тартибин көзөмөлдөө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Киреше булактарын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан түшкөн каражаттарды туура эсептөө жана пайдаланууну контролдоо, финансылык отчетторду текшерүү үчүн КР БШК алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлөт.
КР БШК Маалымат бөлүмү















