"Эмгек партиясы" саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди

09 октября 2021

«Эмгек партиясы» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.

«Эмгек партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү