Жаӊы шайлоо участогу түзүлдү
03 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айылдык аймагынын Караколка айылындагы №3200 шайлоо участкасынын курамын жоюп таркатты жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын Кургак-Айрык айылында №3260 жаӊы шайлоо участогун түздү.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жаӊы түзүлгөн шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү тапшырылды.
Аталган токтом Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Барскон айылдык аймагынын Караколка айылындагы №3200 шайлоо участкасын жоюу жана шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерине ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын Кургак-Айрык айылында №3260 жаӊы шайлоо участкасын түзүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
