КР БШКнын мурдагы мүчөлөрүн Карылар күнү менен куттукташты

02 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын мурдагы төрагаларын, мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Карылар күнү менен куттуктады.

Мекеменин мурдагы төрагалары Маркил Ибраев, Дамир Лисовский, БШКнын экс-мүчөлөрү Жаркын Бапанова, Рашид Бекбасаров, Абдысамат Баялинов, Ишенбай Кадырбеков жана Окутуу борборунун экс-директору Мурзабек Аргымбаев ыраазычылык кат жана белек алышты.

Борбордук  шайлоо комиссиясынын кызматкерлери улуу муундун жалпы эле өлкөнүн тарыхындагы сиңирген эмгегин эстеп, белгилешти, шайлоо тутумунун калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү