БШКда мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо процессине катышуусун камсыздоо чаралары талкууланды
30 сентября 2021
Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоодо инклюзивдүүлүктү жогорулатуу чаралары талкууланды.
КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайлоого даярдык көрүү учурунда добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана атайын жардам каражаттары менен жабдылууга чоң көңүл бурулганын белгиледи.
Эгерде 2017-жылы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бир бөлүгү гана пандустар менен жабдылган болсо, 2020-жылдын декабрында пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 83,4%га жетти, ал эми 2021-жылдын апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо – бүткүл өлкө боюнча 85,8%га жетти.
185 участкада пандустарды орнотуу зарылчылыгы жок. Калган шайлоо участкаларында добуш берүү жайларга кирүүнү камсыздоо иштери уланууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пасивдүү шайлоо укугун камсыз кылуунун алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте муктаждык картасын түзөт. Ал социалдык такси уюштуруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган жеринен шайлоо участкасына өтүү маршрутунун жеткиликтүүлүгүн, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартууну, чакыруу кнопкасын орнотууну камсыздоо боюнча чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдардын аймактык башкарууларына өткөрүлүп берилет. Муктаждыктар картасына ылайык, 2021-жылдын апрелине карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 20187 болгон, бул 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген 1902 шайлоочуга көп.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча). Баардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.
Мыйзам боюнча талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес санында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
Катышуучуларга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш экендиги эскертилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
