БШК жана маморгандар шайлоочулардын айрым категориялары тууралуу маалымат берүү боюнча өз ара аракеттешүү тартибин иштеп чыгышты

30 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жарандардын айрым категориялары – аскер кызматкерлеринин, социалдык жана медициналык мекемелердеги, кармоочу жайлардагы адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, КР Коргоо министрлигинин КР Юстиция министрлигине КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган жана аралаш шайлоо тутуму менен өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. Учурда шайлоочулардын тизмесин түзүү, талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү процесси  жүрүүдө.

Ар кайсыл ведомстволордун өкүлдөрү менен кеңешмеде добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелериндеги, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу а дында кармоочу жайлардагы,жумуш цикли үзгүлтүксүз (вахталык иштер) ишканалардагы шайлоочулар,

мөөнөттүү кызматтардын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ж.б. адамдар тууралуу маалыматтарды берүү боюнча өз ара аракеттешүү тартибианыкталды, бул маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнөчейин 12 календарлык  күндөн кечиктирилбестен участкалык шайлоо комиссиясына берилет.

Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү   укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1- августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.Кеңешмеде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.

Аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо Укуктарын, анын ичинде өздүгүн күбөлөндүргөн документтер менен камсыздоо, аскер кызматчыларын добуш берүүгө киргизүү жана шайлоочулардын тизмелерин текшерүү боюнча жоопкерчилик тартышат.

Аскер кызматчыларынын документтери болбогон учурда аларды алуу үчүн аскер бөлүктөрүнүн командирлери Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги менен биргелешип иш жүргүзөт.

Аскер кызматчыларынын жеке маалыматтарын тактоодо (дареги, аты- жөнү туура эмес жазылса ж.б.) аскер бөлүгүнүн командири 1-форма боюнча арыз толтурууга көмөк көрсөтөт жана аларды 2021-жылдын 12-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен паспорттун көчүрмөсү менен участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Биометрикалык каттоосу болбогон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери 2021-жылдын 12-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен аскер бөлүгүнүн аймагында биометрияны чогултууну уюштурат.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар 2021-жылдын 15-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

2021-жылдын 25-ноябрына чейин командирлер добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү камсыздоо үчүн мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтарган бөлүкчөлөрдүн аймагында добуш берүү күнү кызмат өтөп жатышкан аскер кызматчыларынын жана ал жакта жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп беришет.

Аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн учурда көрсөтүлгөн учурдан тартып ал жаран кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат.

Талапкер кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрүнүн командирлери талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү